Лучшие reels блогера «🇰🇬КР-РФ🇷🇺 (kyrgyz_in_moskow)»

📌Смело заявляем о себе☝🏻 📌Кыргызы в Москве🇰🇬🇷🇺 📌Главное видео сообщество Кыргызстана🇰🇬. На счёт сотрудничество и рекламы в ДИРЕКТ📥

15 432
1 027 763

kyrgyz_in_moskow Ош шаарында светофордо токтоп турган жигит видеого Lexus 470 жана Kia Seltos унааларын тартып, оштуктарды мактаган видео социалдык тармактарда тарады. Видеодо Lexus 470 автоунаасынын 02KG002TYN, ал эми анын алдында турган Kia Seltos унаасынын 02KG002KYH номурлары көрүнөт.

Автор унаалардын номерлеринин окшоштугуна көңүл буруп, мындай көрүнүштөр Ошто көп кездешерин айтып, шаардыктарды мактаган. Видео интернет колдонуучулардын кызыгуусун жаратып, көптөгөн оң пикирлерди топтоду.

27 января 2026
Просмотры
1 027 763
Подписчиков
485 357
vER
211,8%
Категории
Рилсы в топе
kyrgyz_in_moskow
8 909
906 942

kyrgyz_in_moskow 35 жаштагы али үйлөнө элек уулунун бөлмөсүнө апасы ал үйдө жок кезде кирип, төшөгүн караса узун жаздыкта сулуу кыздын сүрөтү тартылып турганын көргөн.

«Биз муну үйлөн деп жүрсөк, ушинтип жатса кантип үйлөнөт? Муну бутуна кысып алып уктайт, бул жок уктай албайт окшойт», – деп апасы видео тартып, аны социалдык тармакка жүктөгөн.

Видео эл арасында кызуу талкуу жараткан. Соцтармак колдонуучулар: «Аа кокуй бойдоктор, эмнеге үйлөнбөй жүрүшөт десе…» – деп күлкүлүү комментарийлерди калтырышкан 😂

Мындан тышкары, видеону бойдок досторуна да жөнөтүшүп, «сен дагы ушинтип жатасыңбы?» – деп тамашага салышкан 😅

19 января 2026
Просмотры
906 942
Подписчиков
485 986
vER
186,6%
Категории
Рилсы в топе
kyrgyz_in_moskow
30 513
579 661

kyrgyz_in_moskow Социалдык тармактарда Казакстанда тартылган видео кеңири талкуу жаратууда. Анда унаалар көп жүргөн жолдо бир кыз айдоочулардан экинчи тилкеге өтүп кетүүгө сылык түрдө уруксат сураганы көрүнөт.

Ал сигнал басып же шашылыш манёвр жасабастан, жөн гана маданияттуу түрдө кайрылган. Мындай мамиле көпчүлүктү таң калтырып, интернет колдонуучуларынын жылуу пикирлерин жаратты.

Колдонуучулар жолдогу өз ара урмат жана сылыктык ушундай болушу керек экенин жазып, кыздын аракетин үлгү катары баалашууда. Видео кыска убакытта эле тармактарга тарап кетти.

22 февраля 2026
Просмотры
579 661
Просмотры за неделю
579 661
Подписчиков
484 846
vER
119,6%
Категории
Рилсы в топе
kyrgyz_in_moskow
16 225
567 359

kyrgyz_in_moskow Жумуштан чарчап келген эне үйүнүн таптаза жыйналганын, блинчик жасалып, тамак бышып жатканын көрүп таң калды. Ал бул иштердин баарын 8-класста окуган кызы өз алдынча жасап койгонун айтып, сыймыктануу менен видеого тартып соцтармакка жүктөгөн.

Видео кыска убакытта эле көпчүлүктүн көңүлүн буруп, интернет колдонуучулар: «Сонун кызыңыз бар экен», «Мына ушундай кыздардан жубай кылып алуу керек» деп суктанган пикирлерин калтырышты.

23 января 2026
Просмотры
567 359
Просмотры за неделю
567 359
Подписчиков
484 846
vER
117,0%
Категории
Рилсы в топе
kyrgyz_in_moskow

Другие видеоролики блогера «🇰🇬КР-РФ🇷🇺 (kyrgyz_in_moskow)»

38 826

kyrgyz_in_moskow Жаш жигит өзүнүн мыкты бий кыймылдары жана өзгөчө харизмасы менен социалдык тармак колдонуучуларынын көңүл чордонунда калды. Анын ар бир кыймылы так, ишенимдүү жана энергияга толуп, көргөндөрдү суктандырбай койгон жок.

Видеодо жигиттин күнүмдүк шартта эле эркин бийлеп, өзүнө болгон ишенимин даана көрсөткөнү байкалат. Айрыкча анын харизмасы көпчүлүктү өзүнө тартып, кыска убакыттын ичинде эле интернет жылдызына айланды.

Социалдык тармак колдонуучулары анын талантына жогору баа берип, «мыкты бийчи», «чоң ийгиликтерди багындырат» деген сыяктуу пикирлерин калтырышууда. Кээ бирлери болсо мындай таланттарга көбүрөөк колдоо керек экенин белгилешти.

21 марта 2026
Просмотры
38 826
Подписчиков
484 557
vER
8,0%
Категории
Рилсы в топе
kyrgyz_in_moskow
234 638

kyrgyz_in_moskow Соцтармактарда жаш үй-бүлөнүн таасирдүү окуясы кеңири талкууга алынды. Анда студент болгон аялын колдоп, ал окуудан чыкканча күн сайын баласын карап берген ата көпчүлүктүн жүрөгүн жылыткан.

Видеодо ата баласы менен убакыт өткөрүп, ага кам көрүп жатканын көрүүгө болот. Колдонуучулар мындай мамиле чыныгы жоопкерчиликтин жана сүйүүнүн белгиси экенин белгилешип, атанын аракетин жогору баалашкан.

Айрымдар мындай эркектерди үлгү катары көрсөтүп, үй-бүлөдө бири-бирин колдоо эң маанилүү экенин жазышкан.

19 марта 2026
Просмотры
234 638
Подписчиков
484 557
vER
48,4%
Категории
Рилсы в топе
kyrgyz_in_moskow
65 276

kyrgyz_in_moskow 👍

17 марта 2026
Просмотры
65 276
Подписчиков
484 557
vER
13,5%
Категории
Рилсы в топе
kyrgyz_in_moskow
105 669

kyrgyz_in_moskow Соцтармактарда атасы менен кызынын кызыктуу оюну көпчүлүктүн көңүлүн бурду. Видеодо атасы кызы менен бокс кылгандай болуп, тамаша иретинде сокку ургандай кыймылдарды жасайт. Ал эми кичинекей кыз атасынын “ударларынан” чеберчилик менен буйтап, экөө оюнга берилип кетишет.

Бир маалда кыз буйтап жатып өзүнүн күлкүсүн токтото албай каткырып күлүп жиберет. Атасы менен кызынын бул шаңдуу учуру видеону көргөндөрдүн да маанайын көтөрдү.

Соцтармак колдонуучулар видеону «бүгүнкү күндүн эң сонун видеосу болду» деп баалап, жылмайган комментарийлерин калтырышкан. Айрымдары мындай жылуу көрүнүштү көрүп, «үйлөнүп, кыздуу болгубуз келип кетти» деп жазышкан.

14 марта 2026
Просмотры
105 669
Подписчиков
484 557
vER
21,8%
Категории
Рилсы в топе
kyrgyz_in_moskow
264 602

kyrgyz_in_moskow Жаңы үй салып, тамдын тоюн өткөрүп жаткан жигитке анын достору жана аяштары өзгөчө белек даярдашкан. Алар чоң ачкычтын формасын картондон жасап, үстүнө болжол менен 8–10 миң доллар акчаны чаптап, белек катары тапшырышкан.

Бул кызыктуу белек тартылган видео интернетке тарап, социалдык тармак колдонуучуларынын көңүлүн бурду. Көпчүлүк колдонуучулар жигиттин досторуна суктанып, «чыныгы достор ушундай болот», «жакшы достор чоң байлык» деген сыяктуу пикирлерин калтырышкан.

13 марта 2026
Просмотры
264 602
Подписчиков
484 557
vER
54,6%
Категории
Рилсы в топе
kyrgyz_in_moskow
20 026

kyrgyz_in_moskow Популярдуу Counter-Strike оюнунда атайын видеодо омон тарап менен террористтер Рамазан айында чогуу ифтар кылып жатканы көрсөтүлгөн. Соцтармак колдонуучулар бул видеону ностальгия менен бөлүшүп, мурда бул оюнду ойногон балалык күндөрүн эстешкенин жана убакыттын канчалык бат өтүп кеткенин жазышууда.

12 марта 2026
Просмотры
20 026
Подписчиков
484 557
vER
4,1%
Категории
Рилсы в топе
kyrgyz_in_moskow
66 887

kyrgyz_in_moskow 😍

9 марта 2026
Просмотры
66 887
Подписчиков
484 557
vER
13,8%
Категории
Рилсы в топе
kyrgyz_in_moskow
87 138

kyrgyz_in_moskow Социалдык тармактарда таасирдүү видео тарады. Анда коляскада отурган ата колуна туулган күндүн тортун кармап, тренд болуп жаткан көпөлөк эффекттери менен үйгө кирип келет. Балдары колясканы сүйрөп, баары биргеликте үй-бүлөнүн эң кичүү кызын туулган күнү менен куттукташкан.

Жылуу жана мээримге толгон бул көрүнүш көпчүлүктүн жүрөгүн элжиретти. Соцтармак колдонуучулар атасына бекем ден соолук, ал эми кичинекей кызга узун өмүр жана бактылуу балалык каалашкан. Видео кыска убакытта эле көпчүлүктүн жылмайуусун жаратты.

8 марта 2026
Просмотры
87 138
Подписчиков
484 557
vER
18,0%
Категории
Рилсы в топе
kyrgyz_in_moskow
1 550

kyrgyz_in_moskow Айымдарга гүл белек кылыңыздар! “Умай Групп” айымдарды 8-марты менен куттуктайт

Өлкөдөгү эң ири ритейлерлер “Умай Групп” компаниясы бардык айымдарды жаздын кооз майрамы - Эл аралык аялдар күнү менен чын жүрөктөн куттуктайт!

8-март - жашообузду жылуу, жарык жана берекелүү кылган апаларга, жубайларга, эже-карындаштарга, чоң энелерге, курбуларга жана кесиптештерге эң маанилүү сөздөрдү айтчу өзгөчө күн.

Бул жаз майрамы аялзатынын акылмандыгына, күч-кубатына жана сулуулугуна болгон суктанууну дагы бир жолу билдирип, алардын сүйүүсү, жылуулугу жана камкордугу үчүн ыраазычылык айтууга эң сонун мүмкүнчүлүк. Дүйнөнү жумшарткан назиктигиңиздер, чексиз сүйүүгө, колдоого жана шыктандырууга болгон жөндөмүңүздөр үчүн ыраазычылык билдиребиз!

Сиздер үй-бүлөдө жылуулук менен ынтымакты жаратып, үй-бүлөлүк салттарды сактап, жакындарыңыздарга кам көрүп, ошол эле учурда жаңы ийгиликтерге жетүүгө күч жана убакыт табасыздар. Сиздер ар бир күндү мааниге, жарыкка жана сулуулукка толтурасыздар — ошондуктан гүлдөгөн жаз дайыма аялдын образы менен байланыштуу.

Жакшы салтка айлангандай, жыл сайын “Умай Групп” Эл аралык аялдар күнүнө карата жазгы акция өткөрүп, кыргызстандык айымдарды куттуктайт. Өткөн жылы Globus дүкөндөр тармагынын командасы Бишкектин борборунда айымдарга алгачкы жоогазын гүлдөрүн, жылуу жылмайууларды жана майрамдык маанай тартуулаган.

Бул ирет да Globus @globuskg, “Достор” @dostormarket, “Народный” @narodnyikg дүкөндөр тармагында жана SPAR @spar.kgz супермаркеттеринде соода кылган айымдарды жагымдуу сюрприз күттү. Майрам алдында дүкөнгө келген аялдарды компаниянын кызматкерлери гүлдөр жана жылуу каалоо-тилектер менен тосуп алышты. Биз сиздерге бир аз болсо да жылуулук жана жазгы маанай тартуулай алганыбыз үчүн кубанычтабыз!

Урматтуу айымдар! Сиздерге чың ден соолук, ички гармония жана аялдык бакыт каалайбыз. Жашооңуздарда күн нурундай жаркыраган күндөр, кубанычтуу окуялар жана жагымдуу сюрприздер көп болсун. Үйүңүздөрдө ар дайым сүйүү, жылуулук жана өз ара түшүнүшүү өкүм сүрүп, жүрөгүңүздөрдө назик, жарык жаз жашай берсин.

Майрамыңыздар менен! 8-март кут болсун!

8 марта 2026
Просмотры
1 550
Подписчиков
484 557
vER
0,3%
Категории
Рилсы в топе
kyrgyz_in_moskow
53 853

kyrgyz_in_moskow Мектептеги майрамдык иш-чарада мугалим окуучуларын вальс бийине даярдап жаткан учурда коляскада отурган мүмкүнчүлүгү чектелген жигитти да бийге кошкон. Видео социалдык тармактарга тарагандан кийин көпчүлүктүн жүрөгүн жылытты.

Кадрларда мугалимдин окуучуну бөлүп койбой, тескерисинче аны дагы вальс бийине катыштырганын көрүүгө болот. Бул көрүнүш көпчүлүккө өзгөчө таасир калтырды.

Соцтармак колдонуучулар мугалимдин мындай кадамын жогору баалап, “балдарды бөлбөй, ар бирине мүмкүнчүлүк берген мугалимдер көбөйсүн”, “бул чыныгы адамгерчилик” деген сыяктуу жылуу пикирлерин калтырышкан. Айрымдары болсо мугалимге өзгөчө таазим айтып, мүмкүнчүлүгү чектелген окуучуга көңүл бурганы үчүн ыраазычылык билдиришкен.

6 марта 2026
Просмотры
53 853
Подписчиков
484 557
vER
11,1%
Категории
Рилсы в топе
kyrgyz_in_moskow
Закрыть